Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн биринчи workout аянтча ачылат

Коом


Бишкек, 13.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн биринчи атайын Street workout аянтчасы курулат. Бул тууралуу атамекендик воркаут федерациясынын президенти Тамерлан Богатырев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн атайын аянтчага делген жабдыктардын 80% орнотуп бүтүштү.

Объект жаштарды өнүктүрүү институтунун жана Бишкек шаардык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен курулууда.

Аталган спорттук курулуш Тыныстанов көчөсүндө жайгашып, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын аймагында орун алган.