Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында сууда сүзүү боюнча чемпионат өттү

Спорт

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 25-апрель күнү өттү.

Мелдешке мээсинин шал оорусу, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, даун синдрому жана көрүү, угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 40ка жакын спортчулар катышты.

Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Ден соолугугун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында сууда сүзүү боюнча федерациясы тарабынан өткөрүлдү.