Бишкекте люктун капкагын уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Коом


Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Бишкекте люктун капкагын уурдоого шектелип эки жаран кармалганын Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Интернет тармагында 25-июлда Лущихин көчөсүндөгү люктун капкагын эки белгисиз адам уурдап жатканы тартылган видео тараган.

Окуя боюнча милицияга Ленин районундагы аймактык муниципалдык башкармалыгынын төрагасы Т.С. арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда саат 02:00дөр чамасында Лущихин менен Калужская көчөлөрүнүн кесилишинде 7 миң сомду түзгөн эки люктун капкагы уурдалганын билдирген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Шектүү катары 23 жаштагы Н.А. жана 31 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.