Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү өтүүдө.
Жүрүш Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен - Түштүк дарбазадан башталып, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү менен Фрунзе көчөсүнө - Жеңиш аянтына чейин уланат.
Жүрүшкө болжол менен 10 миңге жакын адам катышууда.
Белгилей кетсек, иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет. Акцияга фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери, ошондой эле туугандары, жакындары катышууда.