Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жыйынга окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттардын, факультеттердин) жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эксперттер болуп жалпы 200дөй адам катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.
Ошондой эле катышуучуларга презентация түрүндө 2020-2024-жылдар аралыгында билим берүү системасындагы аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жыйынтыктары жана фактылары боюнча маалымат берилди.
Пикир
Оставить комментарий