Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тар курамдагы кезектеги жыйыны башталды.
Белгилей кетсек, комиссиянын теңтөрагалары болуп министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук болууда.
Кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин Жапаров менен Оверчук тар талкуу үчүн кеңешүү залына киришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.