Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 23-июнунда Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча КРнын абсолюттук чемпиону Туратбек Мазиевдин байгесине арналган 11-республикалык мелдеш өтөт.
Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан жана 4 чет өлкөдөн келген спортчулар катышат. Алар 4 салмактык категория боюнча күрөшөт: 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг жана 96 кг жогорку салмак.
Турнирдин уюштуруучулары улуттук спорттун түрү боюнча мамлекеттик дирекциясы жана КРнын Кыргыз күрөш федерациясы.
Байгелүү орундарга ээ болгондор диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.