Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар каналга түшүп кеткен 27 жаштагы жигитке жардам беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 1-майда Ю.Абдрахманов көчөсүндө Б.И., аттуу эркек киши Чоң Чүй Каналына сууга түшүп кеткен. Жерине барган беш куткаруу жаранды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.