Бишкекте Кулатуу Эртаймаш боюнча эл аралык турнир болот

Спорт

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 10-ноябрда Кулатуу Эртаймаш боюнча 67-эл аралык WEF67GLOBAL14&REAL FIGHT ARZALET турнири өтөт, - деп билдирет уюштуруучулар.

Маалыматка ылайык, мушташтар япон уюму менен биргеликте уюштурулат. Бул ирэт беттештерге Борбордук Азия, Россия, Бразилия, Корея жана Япониянын мыкты мушкерлери катышат.

Турнирди НТС телеканалы аркылуу көрүүгө болот.