Бишкекте кудуктан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунан кудуктан болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, куткаруучулар маркумдун сөөгүп кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.