Бишкек, 14.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда бүгүн, 14-февралда болжол менен саат 01:39 чамасында кудуктан бир адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдын сөөгү Достоевский көчөсүндөгү кудуктун ичинен табылган. Учурда өздүгү такталууда.