Бишкек, 12-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында бүгүн “Россия Космосу” көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары – Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы, “Гармония” орус маданият борбору жана КР Улуттук китепканасы.
Иш-чара С.Королевдун 110 жылдыгына, К.Циолковскийдин 160 жылдыгына, В.Терешкованын 80 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.
Көргөзмөгө космос темасына байланыштуу ракеталардын макеттери, фото плакаттар, китептер, желекчелер, белгилер жана маркалар коюлган. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында “Космос үчүн” кино тасмасы көрсөтүлдү.
Көргөзмөнүн ачылышына Бишкектеги элчиликтердин, аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, маданият, илим, чыгармачыл интеллигенция кызматкерлери, ЖМК жана ЖОЖдордун студенттери катышышты.