Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 29-мартында “Кош келиңиз, президент мырза!” аталыштагы тасманын бет ачары калаадагы “Манас” кино театрынын чоң залында өтөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат,-деп кабарлашты “Тазар” кино компаниясынын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, тасманын режиссеру Темир Бирназаров.
Ролдордо:
Токтосун Арзыгулов, Мурат Мамбетов, Сайрабүбү Мырзалиева , Эген Чалабаев,
Жеңишбек Кангелдиев, Асылбек Өзүбеков, Аскат Сулайманов, Бакыт Мукул.
Койгон режиссеру – Темирбек Бирназаров
Сценарийдин автору – Темирбек Бирназаров
Койгон оператору– Кабылджан Хамидов
Койгон сүрөтчүсү – Байыш Исманов
Үн режиссеру – Азиз Казыбаев, Камил Эгинбаев, Алымбек Турсунбаев
Композитор - Догдурбай Урманбетов
Продюсер – Темирбек Бирназаров
Тасманын кыскача синопсиси: Өзүнүн өлкөсүн таштап качкан президент кайрадан Мекенине кайтып келүү үчүн келбетине пластикалык операция жасатып, жаңы документ алып өз жерине кайтып келет. Экс ажо Кыргызстанда ар кандай окуяларга дуушар болот...