Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 212 орундук бош

COVID - 19

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 23-июнь саат 12:00гө карата 212 орундук бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук хирургия борборунда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, №2 төрөт үйүндө, №6 шаардык ооруканада, Фтизиатрия улуттук борборунда бош орундуктар жок.

Ал эми №1 шаардык ооруканада 26, Кардиология жана терапия улуттук борборунда 15, Чүй облустук бириктирилген ооруканада 59, Улуттук госпиталда 20, Онкология жана гематология улуттук борборунда 2, Республикалык наркология борборунда 10 орундук бош.