Бишкекте коомдук тамактануучу жана акча алмаштыруучу жайларга айып салынды

Коом

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу менен Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде стихиялык товар саткан соодагерлердин антисанитардык абалы тууралуу арыз түшкөн. Мэрия Биринчи май райондук администрациясына мыйзамсыз соодагерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Натыйжада уруксатсыз соода кылган 7 пункт алынып, ирээтке келтирилди.

"Дагы бир мыйзам бузуу "Оазис" тез тамактануучу жайында катталган. Алар таштандыларды атайын жакын жайгашкан челектерге таштаган эмес. Бузуучуларга КР “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 1-бөлүгүнүн 71-беренеси боюнча 5500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.Ошондой эле "Талисман" акча алмаштыруу жайы, Кулмурзаева №291/1 дарегиндеги авто кызматы, Токомбаев көчөсү№52/1 дарегиндеги “Субару” кампасы өзүлөрүнө тиешелүү аймактагы тазалыкты сактаган эмес. Бул үчүн аларга КР "Бузуулар" жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча айып салынган. Айып жеке адамдар үчүн 3 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан борбордун көрктөндүрүү эрежелерин жана талап кылынуучу санитардык ченемдерин бузбоону, ошондой эле таштандыларды тыюу салынган жерлерге таштабоону жана тиешелүү аймактардын тазалыгын сактоону суранат.