Бишкекте “Kitepfest 2017” китеп фестивалы өтөт

Маданият

Бишкек, 18.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 4-ноябрда саат 13:30дан кечки 18:30га чейин К.Баялинов атындагы китепканада “Kitepfest 2017” адабий фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу долбоорду координатору Атай Самыйбек маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, “Kitepfest 2017” фестивалыныны башкы темасы – “Менин адабий баатырым”. Себеби дегенде элдер көпчүлүк учурда адабий каармандарды мисал караты алышат.

Иш-чаранын алкагында уюштуруучулар тарабынан атайын аянтча уюштурулуп, ал жерде коноктор бири-бири менен китептерин алмаштыра алышат.

Жаңы адабий чыгармалар менен таанышууну каалагандар үчүн атайын китепь жарманкеси уюштурулат.

Ыр жазгандар болсо анда келген конокторго өз чыгармаларын окуп бергенге мүмкүнчүлүк алышат.