Бишкекте кароосуз калган контейнер күйүп, бир адам жабыркады

Кырсык

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Бишкектин Учкун кичирайонунун Казан-Булак көчөсүндө кароосуз калган контейнердин ичинде 20 чарчы метр таштанды күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен эркек киши (аты-жөнү такталууда) күйүк алып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.