Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда

Коом

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, линияда 31 атайын техника, анын ичинде 16 «МАЗ» үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөктөрү менен , 4 универсалдуу «УКМ-2500» унаасы, ошондой эле 2 жаңы «Bobcat» кар тазалоочу атайын техника бар.

42 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды.

Мындан сырткары, карды тазалоого ишкананын 12 кызматкери тартылды. Тазалыкчылар тротуарларды, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат.