Бишкекте кайрадан мектептен бомба изделүүдө

Коом

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 11:00 чамасында №4 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшкөн.

Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Иллюстративдик сүрөт.