Бишкекте кайрадан мектепте бомба коюлгандыгы айтылды

Коом

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкектин Малдыбаев көчөсүндөгү мектептердин биринде жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

“Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, жерине РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, мектеп милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Мектеп администрациясы жана окуучулар эвакуацияланды. Учурда тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жеринде иш алып барууда.

Белгиленгендей, мектептен жарылуучу зат табылган жок.