Бишкекте кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады

Укук тартиби

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкекте кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-мартта болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кишинин сөөгү жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлери 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу адам киши колду болуп өлгөндүгүн аныкташкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү учурда Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Октябрь райондук ИИБсы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.