Бишкекте кафеде эс-учун жоготуп койгон адамдын капчыгын уурдап кетишкен — видео

Укук тартиби


Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда кафенин ичинде эркек киши эс-учун жоготкон учурда кимдир бирөө анын капчыгын уурдап кеткени тартылган видео тараган.

Биринчи май райондук милициясынан кабарлашкандай, 2-февралда С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Чүй көчөсүндөгү кафеде анын паспорт, банктык карта жана 7 миң сом акчасы салынган капчыгын уурдап кеткени жазылган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 28 жаштагы С.Э. аттуу адам кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Кийинчерээк милицияга чакырганда келүү убадасы менен бошотулган.

Учурда иликтөө уланууда.