Бишкекте ирригациялык түтүктөрдү куруу иштери жүрүүдө

Коом

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда ирригациялык түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери Жибек-Жолу проспектисин бойлой Шопоков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин узундугу 1500 метр болгон сугат түтүктөрүн төшөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Иштер Жибек Жолу проспектисинин боюндагы тротуардын капиталдык курулушунун алкагында жүргүзүлүүдө.