Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.