Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны башталды

Саясат

Бишкек, 7-март /Кабар/. Бишкекте КРнын Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылуусунун алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия – Дмитрий Медведев, Казакстан – Бакытжан Сагинтаев, Беларусь – Андрей Кобяков, Армения – Карен Карепетян жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда.

Жыйын тар курамда башталып, кеңейтилген форматта уланууда.

Өкмөт башчылар интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, жыйынтыгында документтерге кол коюшат.