Бишкек, 17.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү талкууланууда. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган жолугушууда ортого салынган сунуш-пикирлер талкууланып жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында 31-декабрда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Алар жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, бир айдын ичинде президентке сунуш берет.
Пикир
Оставить комментарий