• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкекте “Чиркин өмүр” спектакли көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында «Чиркин өмүр» спектаклинин премьерасы болот. Бул тууралуу “Учур” жаштар театрынын жетекчиси Шаршен Шейшенов билдирди.

Шейшенов белгилегендей, спектакль 28-декабрда саат 14.00дө башталмакчы.

"Спектаклдин негизи Владимир Гуркиндин "Сүйүү жана көгүчкөндөр" пьесасынан алынган. Спектаклдин режиссеру Уланмырза Карыпбаев аны көрүүчүлөргө жеткиликтүү кылып иштеп чыккан. Бирок, сүйүүнүн жана үй-бүлөнүн баалуулугу тууралуу спектаклдин эң маанилүү билдирүүлөрү өзгөрүүсүз бойдон калды",-деп белгиледи ал.

Уланмырза Карыпбаев кыргыз театрынын таланттуу жаш режиссерлорунун бири. Ал 2020-жылы Россиянын Мамлеттик спектакль искусство институтунун театр режиссеру адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Карыпбаев 22 жашында Кыргызстандын театр чөйрөсүндө таанылган эң жаш режиссерлордун бири. Анын режиссёрлук иштеринин арасында Алматыдагы Омаров атындагы “Жас сахна” театрында коюлган спектаклдер, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук драма театрында жана А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында коюлган спектаклдер бар.

Пикир

Оставить комментарий