Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт

Коом

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим экологиялык себептерге байланыштуу кабыл алынды.

“Жыл сайын күз-кыш айларында жылытуу мезгилине жана унаа каражаттарынын күйүүчү-майлоочу майды керектөөсүнүн көбөйүшүнөн улам борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогорку чекке жетет, буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды андан ары начарлатууну туура эмес деп эсептейт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, үнөмдөлгөн каражат максаттуу иштерге жумшалмакчы.

Бишкек мэриясы экологияны жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын жаңы жыл майрамында фейерверктерди сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат.