Бишкекте бир жылдык гүлдөр отургузула баштады

Коом

Бишкек, 24.04.24./Кабар/. Бишкекте бир жылдык гүлдөр отургузула баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаага жоогазындардын ордуна петуния, сальвия, тагетес, алиссум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөр отургузулат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы 1 млн 400 миң бир жылдык гүлдөрдүн ачык түстөрү борбор калаанын бардык аймактарында, тактап айтканда Жеңиш аянтында, Ала-Тоо аянтында, Эмен паркында, Пушкин көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Театралдык скверинде, Дене тарбия скверинде гүл ачат.

Гүлдөр "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулууда.