Бишкекте бир суткада COVID-19дун 117 жаңы учуру катталды

COVID - 19

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 117 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 104 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 13 учур.

“Шаардыктар арасында 104 учур катталган. Ленин району – 20, Биринчи май району – 21, Свердлов району – 18, Октябрь району – 43 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 15 каттоого алынды. 102си симптомдуу, калганы симптомсуз кайрылышкан”,-деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 32 адам жаткырылып, 85 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Рыскулбекова жарандарды жана борбор калаага келген конокторду эпидемиологияга каршы эрежелерди сактоого чакырды.