Бишкекте бийлик кортежинин унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болгону айтылууда

Кырсык


Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Бишкекте Land Cruiser Prado жана Chevrolet Suburban унаалары кагылышып, алардын бири ЖМКлардын маалыматы боюнча бийлик адамдарды коштогон кортеждин курамына кирери айтылууда.

Кырсык бүгүн 8:20да мамлекеттик жол аталган Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде болгон.

Унаалардын бири кортежге таандык экенин ырастаган расмий маалымат жок.