Бишкекте батирден эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Бишкекте батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү саат 19:54тө куткаруучулар Бишкек шаарындагы Ленин районунун Айни көчөсүндө жайгашкан №201 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан, барган кезде эшик ачык болгон.

Батирге кирген учурда болжол менен 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.