Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Октябрь районунун 8-кичи районундагы батирлердин биринде 8 чарчы метр таштанды күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттүн кесепетинен үй ээси иске ууланып, тез жардам кызматына кайрылган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.