Бишкек, 5.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо КР премьер-министринин тапшырмасы боюнча эки диоддук прожекторлор орнотулду.
Маалыматка ылайык, бул чуркоо сүйүүчүлөрү үчүн орнотулган. Алар үчүн кирүү 16:00дөн 21:00 чейин акысыз. “”Бул өлкөдө массалык спортту жайылтуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын бири”,-деп билдиришти ведомстводон.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов жарыктарды текшерип, трибунанын чыгыш тарабын да тийиштүү жарык берүүчү жабдыктар менен камсыз кылууну тапшырды.