Бишкекте БА мамлекеттери менен АКШны бириктирген С5+1 форматындагы катчылыктын жолугушуусу өттү

Саясат

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Борбордук Азия мамлекеттери жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген С5+1 форматынын Секретариатынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин делегациялары жана АКШнын туруктуу теңтөрагасы Кейтлин Сетола катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Секретариаттын ишин координациялоо, жумушчу топтордун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана коопсуздук, экономика, энергетика жана айлана-чөйрө тармактарындагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негизги маселелерди талкуулашты. Делегаттар аймактык кызматташтыкты чыңдоонун жана С5+1 платформасын институционалдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргызстан теңтөрага катары катчылыктын ролун андан ары чыңдоонун жана мурунку жолугушууларда кабыл алынган жол карталарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуунун зарылдыгына көңүл бурду.