Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 08:00дөн 12:00гө чейин троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгендиги айтылат.
Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий