Бишкекте ажатканага түшүп кеткен наристе куткарылды

Кырсык

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Рухий Мурас конушундагы ажатканага түшүп кеткен 3 жашар бала куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу жерине тартылып, наристени атайын шаймандардын жардамында аман-эсен ажатканадан алып чыгышкан.

Учурда баланын абалы туруктуу.