Бишкекте автобус айдоочуларына жол эрежелерин сактоо эскертилди

Коом

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте айдоочулар үчүн жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын максаты - автобус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу жана санын азайтуу болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кырсыкка учурап жана жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткен айдоочуларга жеңилдик болбой турганын эскертишти.