Бишкекте алгачкы жолу манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча "Манас" операсы коюлат

Маданият


Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-июнь күндөрү Бишкекте алгачкы жолу манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча "Манас" операсы коюлат.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Кытайдын маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кытайдын Борбордук опера театры тарабынан коюлат.

Белгилей кетсек, "Манас" операсы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визитинин алкагында коюлат.