Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда бүгүн, 18-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:

  • Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы - Л. Толстой көчөсү;
  • Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.

Ошондой эле "Аскер шаарчасы", "Кызыл Аскер" жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичирайонунда дагы суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.