Бишкекте айдоочу жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бишкектеги Анкара-Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit жеңил унаасынын айдоочусу жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Окуя бүгүн таңкы саат 06:30да катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, автоунаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жол жээгинде турган 60 жаштагы К.М., аттуу эркек кишини сүзүп кетип, ал жеринде каза болгон.

Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.