Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бишкекте айдоочу 17 жаштагы кызды коюп кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 11:00дөр чамасында Ч.Айтматов көчөсүндө "Ауди А6" автоунаасынын айдоочусу жолдон өтүп бараткан кызды коюп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
Азыркы учурда айдоочу кармалды, унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүүдө.