Бишкекте адамды өлтүрө сүзүп, изин жашырган шектүү айдоочу кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 23.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарында адамды өлтүрө сүзүп, изин жашырган шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда саат 22:10дор чамасында "102" кызматына Термечиков көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Болжол менен жашы 50-55 курактагы азият түспөлүндөгү жаранды белгисиз үлгүдөгү унаа сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Ал эми 50-55 жаштагы жөө жүргүнчү жол кырсыгынан окуя болгон жерде көз жумганы белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары "Деу Нексия" үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы О.Э. аттуу айдоочусун жана Д.М. аттуу жүргүнчүсүн кармашкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.