Бишкекте абал тынч - милиция

Коом

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Азыркы тапта борбор калаада абал тынч. Бул тууралуу агенттикке ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыр эски аянтта жана Ала-Тоо аянтында эч ким калган жок.

"Ала-Тоо" борбордук аянтында бүгүн, 9-октябрда саясий партиялардын тарапкерлери жана алардын лидерлери талаптарын жана башка саясий партиялардын тарапкерлерин мыйзамдуу жолго кайтуу чакырыктары менен чогулушкан. Кийинчерээк алардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, ал башаламандыкка чейин жеткен.