Бишкек, 09.08.19 /Кабар/. Бишкекте саат 9:00гө карата абал туруктуу. Таң эртеден тарта "Тазалыктын" кызматкерлери көчөлөрдү тазалашкан.
Дүкөн, акча алмаштыруучу жайлардын жана бир катар уюм, мекелердин кызматкерлери жумушка чыгышкан. Коомдук унаа кадимки тартипте иштеп жатат.