Бишкекте автобустун катышуусунда 5 жол кырсыгы катталды

Кырсык

Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бишкекте автобустун катышуусунда 5 жол кырсыгы катталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун борбор калаада аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа автобусту сүзгөн.

Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди.

Ал эми калган 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды тейлеп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Бишкекте борошологон кар жаап, жолдор тайгак болуп, тыгындар жаралган.