Бишкекте 3х3 баскетбол оюну үчүн жаңы аянтча ачылды

Спорт

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү №29 мектептин аймагында 3х3 баскетбол оюну үчүн жаңы аянтча ачылды. Бул тууралуу баскетбол федерациясы билдирет.

Эки күнгө согузган турнир-ачылышка Кыргызстан жана Казакстандан келген 70 команда катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Өспүрүмдөр:

- 16 жаш

1.Байке, 2. Gines 29, 3.Алладин;

- 18 жаш

1. Fire, 2. Байке team, 3. Wonder Tulpar;

Кыздар:

- 16+

1. Fire, 2. Infinity, 3. Мед team;

Эркектер:

- 18+

1. Gines 29, 2. Nomad, 3. Fire.

Белгилей кете турган жагдай, Ош шаарынын курамаларынын бири мелдеште күмүш медаль утту.

Федерациядан келечекте турнирге өлкө аймактарынан келген катышуучулардын саны көп болоруна ишеним артышты.