Бишкекте 3 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Коом

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүндөн тарта 3 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №102, №145 жана №169 автобустар убактылуу жаңы схема боюнча иштейт.

Өзгөртүүлөр Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.

Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Кыймыл схемаларын шилтемеден тапса болот.