Бишкекте 18 жаштагы жигитти бычак менен коркутуп, телефонун тартып алгандар кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды кармады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Ибраимов жана Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинен коркутуу жолу менен чөнтөк телефонумду алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган К.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 22:30дар чамасында белгисиз үч жаран арыз ээсин бычак менен коркутуп, "Самсунг А-7" үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.У, 2003-жылы туулган М.Т. жана 2005-жылы туулган Т.А. аттуу жарандарды кармап, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.