Бишкекте №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы ишке кирет

Коом

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашат.

Каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү, 12 метрлик, 3 эшиктүү, 17 даана заманбап автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.

Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт.

Буга байланыштуу тариф дагы башкача. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июлундагы №104 токтомуна ылайык №153 муниципалдык автобуста жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом.

Белгилей кетсек, каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.